"Байге фонду 5 миллион сом". Чолпон-Атада көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу өтөт

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 13-августтан 20-августка чейин көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта маалымат жыйында Көк-бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке сегиз мамлекеттин клубдары катышып, үч форматта өтөт.

Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын сегиз клубу беттешет. Кыргызстандын көк бөрү боюнча Жогорку лигасында ойногон “Сары-Өзөн”, “Достук”, “Ынтымак”, “Мурас” командалары катышса, Казакстандан кайсы командалар катышары азырынча такталууда.

Экинчи форматта cегиз мамлекеттен 12 клуб ойнойт. Учурда Орусиядан беш клуб катышууга арыз беришти. Алар: Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Алтай жана Красноярск шаарынын командалары. Ошондой эле АКШ, Түркия, Казакстан, Венгрия, Өзбекстан, Монголиядан клубдардын келиши күтүлүүдө. Андан сырткары бул форматта Кыргызстандан бир клуб ойнойт.

Жалпысынан бул клубдар ортосундагы дүйнөлүк биринчиликте 12 клуб таймашат.

Үчүнчү форматта Кыргызстан менен Казакстандын 45 жаштан жогорку курактагы курама командалары достук беттеш өткөрөт.

Ал эми байге фонду боюнча Бегалиев учурда демөөрчүлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, болжол менен 5 миллион сомго жетиши мүмкүн экенин билдирди.

Ошондой эле мелдеш мамлекеттер ортосунда ынтымакты бекемдөө, 2024-жылы Казакстанда боло турган V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана көк бөрүнү дүйнөгө жайылтуу максатында өткөрүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан