Биз социалдык тармакта

Казакстан күйүүчү майдын экспортуна болгон чектөөнү дагы алты айга узартты

Казакстанда мунай заттарын сыртка ташып чыгууга болгон чектөө дагы алты айга узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Күйүүчү май жана мунай заттарынын бардык түрүн өлкө аймагынан сыртка ташууга тыюу салуу мөөнөтү дагы алты айга узартылды. Мындай чечим энергетика министринин, премьер-министрдин, финансы министринин орун басарларынын жана Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биргелешкен буйругунун негизинде чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Казакстан буга чейин февраль айында 6 айга деп мунай заттарын экспорттоого тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан