Садыр Жапаров Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогуна катышат

Өлкө башчы Садыр Жапаров Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев маалымат жыйында билдирди.

“Аталган иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө”, - деди ал.

Ошондой эле Бегалиев аталган мелдеш толугу менен демөөрчүлөр тарабынан каржыланарын билдирди.

Ал эми чет өлкөдөн келген оюнчуларды кыргыз тарап ат менен камсыздай турганын айтты.

“Мелдешке келген чет элдик оюнчуларды ат менен биз камсыздайбыз. Казакстандан келе турган 6 команданын 5 командасы гана өздөрүнүн аты менен келет", - деди ал.

Мындан сырткары, Бегалиев Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлчү президенттин кубогу 24-августта Ош шаарында боло турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан