
Чүйдө төрөлгөн 3 эм ымыркайларга ысым ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 3-августта президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тургуну, үч эмдин энеси Эркин кызы Насипканга барышкан. 33 жаштагы Эркин кызы 2023-жылдын июнь айында Муслим, Мухлиса жана Мухаммад аттуу наристелерди жарыкка алып келген.
Ошондой эле өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, үч эмдин энесине кеңеш берилип, үй-бүлөсүнө берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жана жөлөк пулдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.