Жалал-Абад облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Силкинүү бүгүн саат 15:04тө катталып, очогу Акман айылында болгонун сейсмология институту кошумчалады. Жер титирөө Базар-Коргон районунун борборунан 7 чакырым түштүк-чыгыш жана Жалал-Абад шаарына 20 чакырым түндүк-батыш алыстыкта жайгашкан жерде болгон. Бактыга жараша, кыйроолор жана жабыркагандар жок.