Аксыда 9 жаштагы баланын көзүнө тир мылтыгынын огу тийип, ооруканага жаткырылды

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагында 9 жаштагы балага тир мылтыгынын огу тийип, ооруканага түштү. Бул тууралуу бугүн, 4-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, тир мылтыгынын огунан көзү жабыркаган бала 2-августта ооруканага келип түшкөн.

"Бала оң көзүнөн жараат алган. Учурда баланын абалы жакшы, кез-кези менен дене табы көтөрүлүп, жүрөгү айланып жатат. Ал өзүнө келип, тамак жеп калды. Жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган", - деп билдирди Байдавлетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан