
Эртең, 5-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлде “Kымыз-FEST-2023” этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө боз үй шаарчалары тигилип, бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын жана кол өнөрчүлөрдүн мастер класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси уюштурулат. Ошондой эле спорттун үч түрү боюнча, тагыраагы аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер жана башка иш-чаралар өткөрүлөт. Мындан сырткары, кароо- сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.
"Фестивалдын максаты - кыргыз элинин үрп-адаттары аркылуу улуттук суусундук катары бээнин сүтүнөн даярдалган кымыздын тарыхый баалулугун, асылдыгын жалпы жаш муундарга жайылтуу менен кымызды ичүүнүн маданиятын, анын жасоо шарттары жана түрлөрү, ден соолукка пайдалуулугу зор экендиги жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат жайылтуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.