"Беларустун тик учактары чек араны кесип өттү" деген маалыматтан кийин Польша өзүнүн аскердик тик учактарын чек арага тартты. Бул тууралуу генерал Марек Соколовскийдин брифингинде айткан билдирүүсүнө таянуу менен Польшанын TPV Info басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, кечээ, 3-августта Польшанын армиясы кургактагы аскерлердин 1-авиациялык бригадасынын жана 25-аба бригадасынын тик учактарын Беларуска жакын чек арада топтогон.
Брифингде генерал Соколовский беларус багытын тез арада бекемдөө боюнча армия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жатканын билдирген. Анын айтымында, чабуулчу тик учактар эки жерде жайгашып, чек арада кооптуу окуялар болуп кетсе дароо жооп кайтаруу режиминде болот.
"Тик учактар куралданган жана согушууга даяр. Бул жерде тажрыйбалуу жана абдан чебер, Ооганстанда жана Иракта мени менен бирге десанттык куралдарды жана ракеталарды колдонгон учкучтар бар. Алар тажрыйбалуу. Эгер тынчсыздануучу абал жаралса, алар ойлонбостон курал колдонот", - деп билдирген Соколовский.
Эске салсак, 1-августта Беларустун эки тик учагы Польшанын аба мейкиндигин бузган деген маалымат тараган. Анда Польша өкмөтү Беларустун Ми-24 жана Ми-8 учактары Польшанын чек арасына 3 чакырым тереңдикте учуп, Беловежа айылына жакын чек араны кесип өткөнүн билдирген. Тик учактар төмөнкү бийиктикте учкандыктан аларды радар системалары аркылуу аныктоо кыйын болгон. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары тик учактарды видеого тартып, интернетке жүктөшкөн.
Бирок Беларустун Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдү четке кагып, Варшава бул айыптоолорду беларус-поляк чек арасына жакын жерде өзүнүн аскер күчтөрүн көбөйтүү үчүн шылтоо катары пайдаланып жатканын билдирген.
Көп өтпөй, АКШнын Мамлекеттик департаменти бул окуяга байланыштуу пикирин айтып, бардык мамлекеттерди башка өлкөнүн аба мейкиндигин сыйлоого чакырган. Ошондой эле учурдагы абал боюнча АКШ департаменти НАТОнун курамына кирген Польшанын коопсуздугуна олуттуу карай турганын кошумчалаган.