Ош жана Баткен облустарында аскердик машыгуулар өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Коргоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-июлдан 18-августка чейин Куралдуу күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгына караштуу артиллериялык бөлүкчөлөрүнүн талаа жыйындары уюштурулган. Анын жүрүшүндө эсептердин, взводдордун жана батареялардын курамында артиллериялык бөлүкчөлөрдүн ырааттуулугунун маселелери иштелип чыгат.
Жыйындын максаты - өздүк курамдын теориялык билимдерин өркүндөтүү, практикалык көндүмдөрүн бекитүү, артиллерияларды даярдоо курсуна ылайык ок атуу, өздүк курамдын тез өзгөрүүчү кырдаалдарда чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.