"Айфон 12 про уурдаган". Кара-Сууда тоноого шектүүлөр кармалды

Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында белгисиз адамдар Айфон 12 про телефон, акча уурдап шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 23-июлда Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну М.Б Кара-Суу РИИБге арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 21-июлунан 22-июлуна караган түнү Кара-Суу районунун Кең-Сай айылындагы талаада белгисиз жарандар аны коркутуп, Айфон 12 про телефонун, эл аралык паспортун, 2 000 сом акчасын жана башка документтерин коркутуп, уруп, алып коюшкандыгын билдирген. Жабырлануучу М.Бга жалпысынан 80 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КЖКнын 206 беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголду.

Ага ылайык, ыкчам издөө чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 18 жаштагы тургуну Б.Т жана 20 жаштагы тургуну М.Д кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан