Бишкекте таштанды иргөө үчүн челектер орнотулду

Бишкекте таштанды иргөө үчүн челектер орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Свердлов районунун демилгеси менен демөөрчүлөрдүн эсебинен таштанды сорттоочу урналар орнотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Биринчи этапта 10 даана таштанды челеги даярдалып, алар төмөнкү даректер боюнча тротуарлардын боюна орнотулган:

1. Чыгыш-5 кичи району, Арбат - үч даана;
2. Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде - эки даана;
3. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры - бир даана;
4. Бөкөнбаев - Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде - эки даана;
5. "Кыргызтелеком" ААКнын алдында - эки даана;
6. Чүй проспекти-Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мектептин жанында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан