Ошто Түркиядан аткезчилик менен ташылып келе жаткан 6 миллион сомдук дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, "Стамбул-Ош" аба каттамында келе жаткан Өзбекстандын Э.А. аттуу жаранынын жанынан дары-дармек товары аныкталган.
Кармалган товардын орточо базар баасы 6 миллион 634 миң 759 сомду түзгөн.
Учурда аталган факты тиешелүү органдарда каттоого алынды. Материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилип, учурда Ош облустук сотунун өндүрүшүндө турат.