Чолпон-Ата шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Борбор Азия жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чара 10-11-август күндөрү өтөт.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.