Гүлжигит Алыкулов кайрадан "Неман" клубуна кошулду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов кайрадан "Неман" клубуна кошулду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Белиленгендей, Беларустун Жогорку Лигасында ойногон гродненсктик "Неман" ФК менен келишим 1,5 жылга түзүлдү.

Ал буга чейин 2019-жылдын сезонунда "Неман" үчүн ойногон. Анда 24 беттеш өткөрүп, 4 гол жана 4 голдук пас жасаган.

Ал эми 2020-2023-жылдары казакстандык "Кайрат" клубунун курамында ойногон.

Гүлжигит Кыргызстандын Улуттук курамасында 2019-жылдын 11-июнунда Палестина менен болгон беттеште дебют жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан