Бүгүн, 5- августта “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда башталды.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын ар аймагынан келген кымыз жана сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси уюштурулган. Мындан сырткары улуттук оюндар уюштурулуп, концерттик программа менен коштолот.
Кароо-сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.
Фестиваль маданият аркылуу Кыргызстанга туристтерди, инвесторлорду кызыктыруу, сүт азыктарын өндүргөн ишкерлерди колдоо максатын көздөйт.