ИИМ: "Көчөдө тапанча менен опузалаган адамга карата иликтөө башталды"

Кечээ, 5-августта социалдык тармактарда белгисиз адам Некрасов көчөсүндө коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, оозеки чырда бейтааныш адамды тапанчасы менен коркутуп жаткан видео тараган. Аталган факты каттоого алынып, иликтөө иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларында Т.К. аттуу 1989-жылы туулган жаран кармалган. Ал белгисиз маркадагы тапанчасын соттук-баллистикалык экспертиза дайындоо үчүн тапшырды.

Ал коркутту деген И.С аттуу адам дооматы жоктугун айтып, арыз жазуудан баш тартты.

Ички иштер министрлиги учурда тергөө уланып жатканын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан