Грузиянын бийик тоолуу Шове курорттук айылында жер көчкүдөн каза болгондордун саны 16га жеткенин Грузиянын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, каза болгондордун жетөөнүн өздүгү такталган, бирок алар тууралуу маалымат айтыла элек.
Кырсык болгон аймактан тик учактар менен 200дөн ашык адам эвакуацияланды, алардын арасында Рустави шаарындагы мектеп лагеринин окуучулары жана жергиликтүү мейманкананын коноктору да бар.
Буга чейин кеминде 35 адамдын дайыны чыкпай жатканы кабарланган.
Грузияда 7-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.