Кыргыз балбандары Сербиядагы турнирде ийгилик жаратты. Ljubomir Ivanovic-Gedza Memorial аталышындагы турнирде алты балбан байге алган.
Мелдеште өлкө намысын жалпысынан 8 спортчу коргогон.
Эл аралык мелдеште Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Раззак Бейшекеев чемпион болуп, алтын медаль тагынды. Ошондой эле Бексултан Махмудов күмүш, ал эми Үзүр Жусупбеков менен Амантур Исмаилов коло байгеге ээ болду.