Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын Ысык-Көл облусундагы кызматкерлери жол тыгындарын алдын алуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Малымдалгандай, нспекторлор Тору-Айгыр менен Сары-Камыш айылдарынын ортосундагы оңдоо-түзөө иштери болуп жаткан жолдо жол тыгындарынын пайда болушуна жол бербөө максатында ошол жерде кызмат алып барышууда.
Маалыматта учурда авто унаалардын саны көп болгону менен жол тыгындары жок экени айтылат.