Тажикстандын Куляб шаарында жүк ташуучу унаа бир нече жеңил унааны сүзүп, эки үй зыянга учурады. Учурда 10 адам каза болгонун Тажикстандын "Озоди" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 6-августта саат 19:30да Дүйшөнбү-Куляб-Хорог унаа жолунда, Куляб шаарынын Сомони базарынын жанында катталды.
Маалымдалгандай, шаардык саламаттыкты сактоо департаменти кырсыктан каза болгондор жана жарадар болгондордун баары эле унаалардын жүргүнчүлөрү жана жабыркаган үйлөрдүн жашоочулары экендигин айтты.
Ошондой эле Кулябдын тез жардам станциясынын дарыгери он адамдын сөөгүн өлүкканага алып келгендигин жана жолдо төрт жарадар борбордук ооруканага бара жаткан жолдо көз жумгандыгын билдирген.