Таласта Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата документалдуу тасма тартылууда (сүрөт)

Таласта Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата документалдуу тасма тартылууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, кечээ, 6-августта жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы, туулуп-өскөн жери тууралуу документалдык тасма тартуу максатында Санкт-Петербург шаарынан режиссёр Наталья Фянтисева жана Италиядан режиссёр Диаомамтакос Сиева Талас облусуна келди.

"Алар Көк-Сай айылындагы "Манас", "Чыңгыз" чокуларын, Маймак станциясын жана улуттук "Манас Ордо" комплексин тасмага түшүрүштү.

Документалдуу тасма жазуучунун туулган күнүнө арналган иш-чарада көрүүчүлөргө тартууланат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан