Америкалык миллиардер жана ишкер Илон Маск менен Meta компаниясынын жетекчиси Марк Цукербергдин беттеши түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. Бул тууралуу кечээ, 6-августта Маск өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкты.
Маалыматка караганда, түз эфир Маскка таандык X социалдык тармагында (мурдагы Twitter) уюштуруу пландаштырылган.
"Цукерберг менен Масктын беттеши X социалдык тармагында түз эфирде көрсөтүлөт. Бардык түшкөн каражат ардагерлердин кайрымдуулук уюмуна жумшалат", - деп жазылган билдирүүдө. Ал эми бул беттештин уюштуруучусу UFC уюмунун президенти Дана Уайт экени айтылууда.
Белгилей кетсек, Маск Цукерберг менен күрөшүү ниетин июнь айында билдирген. Буга себеп Цукербергдин Threads социалдык тармагы себеп болгон. Маск Цукербергдин Threads социалдык тармагы Twitter'дин ички купуяларына жараша курулганын айтып, Цукербергди рингге чакырган. Цукерберг дароо чакырыкты кабыл алып, мушташ Лас-Вегаста боло турганы айтылган.