Иракта Telegram мессенджерине расмий түрдө бөгөт коюлганы жарыяланды. Бул тууралуу Shafaq басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, мындай чечим өлкөнүн Байланыш министрлиги тарабынан кабыл алынган. Анда кабыл алынган чечим жогорку органдардын улуттук коопсуздук жана жарандардын жеке маалыматтарын коргоо маселелери боюнча байланыштуу экени айтылган.
"Telegram маалыматтарды иштетүүнүн бүтүндүгүн бузат, бул мыйзамга каршы келет", - деп жазылган билдирүүдө.
Министрликтин айтымында, мамлекеттик органдар Telegram компаниясынан мамлекеттик органдын расмий маалыматтарын жана жарандардын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарган платформаларды жабуу боюнча кызматташууну бир нече жолу суранышкан. Бирок компания бул өтүнүчтөрдүн бирине да жооп берген эмес.
Эске салсак, буга чейин аталган мессенджерди Иран менен Кытайда дагы колдонууга тыюу салынган болчу.