Ош облусунун Ноокат районунда 17 жаштагы кыз көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Найман айылында жайгашкан Найман көлүнө 2006-жылы туулган А. кызы А. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине жалпы 9 куткаруучу тартылып, саат 20:35 чамасында жаш кыздын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.