Кадамжайда Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип иштеп жүргөн Өзбекстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Баткен ОИИБинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Кадамжай РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында иштеп жүргөн И.Г. аттуу 36 жаштагы өзбекстандык жаранды кармаган. Ал мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп кирип, нан бышыруучу жайда эмгектенип жүргөн. Аталган иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
Ошондой эле тергөө иштеринин алкагында жогорудагы жаранды Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип, иштетип жаткан У.О. аттуу 39 жаштагы дагы бир өзбек жараны кармалганы айтылды.
Ага ылайык, 168-берене (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылганы кабарланды.
Учурда кармалган эки жаран тең убактылуу кармоо жайына киргизилди.