
Бишкектин айрым көчөлөрүндө 9-августта саат 10:00дөн 18:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы Жайыл Баатыр көчөсү - Садырбаев көчөсү - Абдрахманов көчөсү - Шералиев көчөсү менен чектешет.
"Өчүрүү оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, диаметри 200 миллиметр болгон сууну айландырып өтүүчү туташтыргыч орнотууга жана диаметри 100 миллиметр болгон бурама тээк алмаштырууга байланыштуу муздак суу берүү убактылуу токтотулат", - деп жазылат маалыматта.
"Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.