
“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына айдоочулар жумушка алынат. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, айдоочулардын айлык - акысы 20-30 миң сомду түзөт жана бир маал тамагы камтылган.
"Жумушка орношууну каалагандар 187 кыска номерине же 0551 111 704 байланыш номерине кайрылса болот", - деп жазылат маалыматта.