Кыргыз-тажик чек арасында тактала элек 290 чакырым жер калды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-августта Министрлер кабинетинин маалымат кызматы тастыктады.
"2021-жылдын май айынан тарта кыргыз-тажик чек арасынын 101, 86 чакырымынын сыпаттамасы түзүлгөн. Жыл башынан бери эки тараптын ортосунда 7 жолугушуу болуп өттү. Анын катарында учурда Дүйшөнбүдө өтүп жаткан жумушчу топтун жолугушуусу да бар. Ал 10-августка чейин уланат", - деп билдиришти мекемеден.