"Meta" компаниясынын башкы директору Марк Цукерберг "Twitter", "Tesla" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маскты 26-августта беттешүүгө чакырды. Цукерберг Маск сунуштаган күнү беттешүүгө даяр экенин азырынча ырастай элек. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, миллиардерлер интернеттеги жаңжалдан улам таймашууну каалашат.
Буга чейин Маск салмагы жана чыдамкайлыгынан улам алдыдагы беттеште утулуп калышы мүмкүн экенин моюнуна алган.
Америкалык ишкердин айтымында, бул узакка созулган беттеште болушу мүмкүн. Эгер күрөш кыска болуп чыкса, анда Маск аны жеңерине ишенет.