Бүгүн, 7-августта XVI эл аралык кыргыз-казак кош байге айтышынын тандоо туру болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана алгачкы агартуучу, ойчул, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган казак-кыргыз айтышына акындарды тандоо үчүн уюштурулган. Тандоо турга өлкө боюнча жалпы 37 акын катышкан. Анда 8 акын, тактап айтканда Азамат Болгонбаев, Кубат Тукешов, Кутман Садыбакасов, Акмат Султан уулу, Асылбек Маратов, Баян Акматов, Изат Айдаркулова жана Чыңгыз Кожошов тандалып алынган.
Белгилей кетсек, тандоодон өткөн акындар 30-31-августта Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында саат 18:00дө Казакстан, Өзбекстан, Монголия Республикаларынан келген төкмө акындар менен өнөрлөрүн көрсөтүшөт.