Бишкек-Нарын жолунда ХОВО менен Мазда унаалары сүзүштү (сүрөт)

Бүгүн, 7-августта Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 14:05 чамаларында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 16-чакырымынан ХОВО жүк ташуучу унаасы күн чыгыштан күн батышты көздөй келе жатып, артка кайрылып жаткан учурда ошол эле тарапка бара жаткан Мазда 626 унаасы келип сүзгөн.

Учурда жол кырсыгы болгон жерде Ысык-Ата районунун ыкчам иликтөө тобу жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери иш алып барып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан