Москвада кыргызстандык аялдын балдарынын көзүнчө өлтүрүлүшү: Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Москва облусунун Дмитров шаарында киши колдуу болгон аялдын өлүмү боюнча комментарий берди.

Маалыматка ылайык, каза болгон 1979-жылы туулган А.А.М. жана аны өлтүрүүгө шектелген 1978-жылы туулган Ч.М.А., кыргызстандыктар жана Орусиянын жарандары болуп саналышат.

"Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги өз компетенциясынын чегинде маркумдун жакындарына керектүү консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр", - деп билдирди министрликтен.

Буга чейин Instagram'дагы "Черного списка" баракчасында Дмитров шаарында эркек киши аялын балдарынын көзүнчө өлтүргөн деген маалымат жарыяланган. Бул окуя боюнча алардын кызы айтып берип, ал жардамга муктаж экенин, өзгөчө Москвада жүргөн юристтер менен адвокаттарга муктаж экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Таксист бала
2023-08-08 12:24:00
Шордуу аял-кишилерге эле кыйын, кыргыздын эркектери албай болок улутка тийип, алардын менталитетин тушунбой кор болуп атышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан