Москва шаарында баласын урган деп шектелген кыргызстандык келин камакка алынды. Бул тууралуу кечээ, 7-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдирди.
Маалымдалгандай, окуя Москва шаарынын Хорошево-Мневники районунда болгон.
"Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. 2014-жылы туулган М.А. аттуу бала Москва шаарындагы социалдык реабилитацияга муктаж жашы жете элек балдардын адистештирилген мекемесине жайгаштырылды. Баланын апасына карата Москванын укук коргоо органдары тарабынан административдик укук бузуу фактысы боюнча камакка алуу тууралуу протокол түзүлдү.
Элчилик Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен бирге баланын мындан аркы жашоосу, ошондой эле анын жакын туугандары менен байланышуу боюнча иш алып барууда", - деп жазылат маалыматта.
Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүнө алынгандыгы маалымдалды.