Жакынкы 2-3 жылда Түркиянын Стамбул шаарында жер титирөө катталышы мүмкүн. Бул тууралуу белгилүү тектонист Желал Шенгердин билдиргенин түрк басылмалары жазып чыгышты.
Желал Шенгердин айтымында, жер титирөөдөн 5 миң үй урап, 100 миңге жакын адам каза болот жана миллиондон ашык адам жабыркашы ыктымал.
"Мен жер титирөөдөн кийин Стамбул эмне болорун билем. 14-15 миң имарат жок болот, дагы 50-60 миң имарат жарым-жартылай талкаланат. Көчөгө чуркап чыгууга убактыңыз болбойт", - деген Шенгер.
Басылмалардын маалыматына караганда, Шенгер Мармара деңизинде боло турган жер титирөөнүн кесепеттеринен коркуп, Стамбулдан көчүп кетүүгө ниеттенип жатат.
Белгилей кетсек, Түркия Стамбулдун жээгинде 2030-жылга чейин жер титирөө катталышы мүмкүн экенин айтып, алдын ала коопсуздук чараларын көрүп жатканы кабарланган. Буга чейин февраль айында да аталган өлкөнүн түштүк-чыгышында катуу жер титирөө болуп, анда 50 миңдей адам каза тапкан.