Түркмөнстандыктар интернеттин начар ылдамдыгынан улам өлкөдөгү акыркы IMO баарлашуу тиркемесине кире албай жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы апталарда интернеттин ылдамдыгы дагы басаңдап, веб-сайттарды ачууга мүмкүн болбой жатат.
"IMO иштебей калды, калганынын баары көптөн бери бөгөттөлгөн, жада калса чет элдик телеканалдар да тартпайт", - деп билдирген атын атагысы келбеген тургун.
Түркмөнстандыктар көз карандысыз басылмалардын сайтына жана өлкөдө тыюу салынган социалдык тармактарга виртуалдык жеке тармактар (VPN) аркылуу гана кире алышат. Бирок интернет начар иштегендиктен акыркы учурда социалдык тармакты колдонуу мүмкүн болбой жатканы айтылууда.
Басылмалардын маалыматына караганда, аталган өлкөдө WhatsApp, Viber, Facebook, Twitter, YouTube сыяктуу социалдык тармактары колдонулбайт.
Белгилей кетсек, интернеттин ылдамдыгы боюнча түзүлгөн рейтингде быйыл Түркмөнстан 220 өлкөнүн ичинен 206-орунду ээлеген.