"Куралчан кароолчу кайтарып". Бишкекте инкассатор унаасы оодарылып кетти (видео)

Кечээ, 7-августта инкассатор унаасы менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, инкассатор оодарыл кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Чүй облустук ЖКККБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, социалдык тармакта Бишкектин айланма жолунда инкассатор унаасынын оодарылып калган видеосу боюнча жол кайгуул кызматкерлери окуя 7-августта болжол менен саат 9:35 чамасында “Алма-Ата-Бишкек-Ташкент” унаа жолунун 232-чакырымында болгонун айтты. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү инкассатор унаасы "Дордой" базарынын маңдайынан айланма унаа жолуна жетип, артка бурулуп жаткан учурда күн батышты көздөй бара жаткан жүк ташуучу Мерседес Бенц спринтер унаасы келип сүзгөн.

Жол кырсыгында жабыркагандар жок экендиги айтылды.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан