Талас облусундагы “Беш-Таш” жаратылыш паркын сел суулары каптады

Кечээ, 7-августта түштөн кийин кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан кийин кокту-колоттордон сел суулары ашып, Талас облусундагы “Беш-Таш” жаратылыш паркынын 3 жерин каптаган. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ошондой эле Кара-Суу айылынын батыш тарабында Талас – Тараз унаа жолун 81-чакырымын сел каптады.

Ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзгөн. Учурда Талас – Тараз унаа жолунун сел каптоо коркунучу жоюлуп, тазалоо иш-чаралары аяктады.

Ал эми "Беш-Таш" жаратылыш паркынын аймагын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, парктын аймагында жайгашкан "Сары-Үңкүр" сайы тилкесин учурда бир жүктөгүч тазалап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан