Португалиянын түштүгүнөн чыккан токой өртүнөн 1,5 миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу 20 minutos басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, 5-августтан бери Португалиянын Одемира муниципалитетинде токой өртү уланууда. 3 күндөн бери тилсиз жоонун кесепетинен 1500 адам эвакуацияланып, 22 адам ооруканага жаткырылган. Учурда өрттү өчүрүүгө 800 өрт өчүрүүчү, 266 техника жана 10 тик учак тартылганы кабарланууда. Жалпысынан токой өртү 6,7 миң гектарга жеткени айтылып жатат.
Белгилей кетсек, Пиреней жарым аралында учурда аномалдуу ысык катталып жатат. Басылмада маалымдалгандай, Испанияда жакынкы күндөрү абанын температурасы 44 градуска жетиши мүмкүн жана буга байланыштуу бийлик өкүлдөрү сууну пайдаланууга чектөө киргизген.