Белгилүү шоумен, пародист жана ырчы Мерген Турган дээрлик төрт жылдан бери Германия өлкөсүндө иштеп, жашап жүрөт. Ал Европада ар кандай жумуштарда иштегенин, бүгүнкү күнгө чейин жыйырма өлкөнү кыдырганын SUPER.KG порталына маек куруп жатып билдирди.
НЕМИСЧЕ КАЯША АЙТКАНГА ЖАРАП КАЛДЫМ
- Мен мындан төрт жыл мурун Европага сахнадагы эмгегим бааланбай дискриминация болгону үчүн жана үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кеткем. Эл талантымды баалайт, бирок мамлекет баалай албады. Учурда мен Германиядамын, майда-чүйдө жумуштар менен алекмин. Мындан сырткары тил үйрөнүп жатам. Немис тилин абдан жакшы билем деп айта албайм. Бул тил мен үчүн оор болду. Бирок оюмду түшүндүрүп, каяша айта алам. Немисче ырларды ырдап жүрөм, таза ырдайт экенсиң деп мактап калышат. Жыйырма өлкөнү кыдырып койдум, алдыда бара турган дагы башка өлкөлөр бар. Саякаттаганды абдан жакшы көрөм.
ГЕРМАНИЯДА КОНЦЕРТ БЕРСЕМБИ ДЕП ЖАТАМ
- Быйыл 55 жашка толдум. Юбилейлик кече кылып, Европаны кыдырып концерт койсомбу деген тилектерим бар эле. Буюрса, ошол концертти мен жашап жаткан Германиядан баштасамбы деп жатам.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНДА ЭМНЕ КЕП?
- Элден алыстаган соң чыгармачылыгым да бир аз токтоп турду. Бирок алыста жүрүп 5-6 ыр чыгардым. Эми аранжировка кылып элге тартуулоо керек.
МЕНИ САГЫНЫЧ КЫЙНАЙТ
- Албетте, кыйынчылыктар болду, баарынан өттүм. "Алты кадам чыксаң мусаапырсың" дейт го, ошол чындык. Бирок алдыга койгон максаттарың болсо баарына чыдайсың. Мен ырчы болом деп кандай гана кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм. Дагы деле өтүп келе жатам. Эгер алыс жерге кетсең бардык нерсеге даяр болуу керек. Жок дегенде англис тилин билишиң керек. Бир кыйналганым, ушул күнгө чейин сагыныч кыйнайт. Мекенимди, бир туугандарды, балдарымды, неберелеримди, куда-кудагыйларды, досторумду, кесиптештеримди, эң негизгиси сахнаны сагындым. Акыркы күндөрү үйдө "Ала-Тоонун" жаңылыктарын коюп, үнүн катуу чыгарып тамактана турган болдум. Абдан кубанам, үйүмдө жүргөндөй болуп кубанып, каныгып калам. Биздин тамактарды да сагындым. Кыргызстанга барып, жети аймакты кыдырып, илгеркидей концерт берсем деген тилегим бар.
ЭЛ АРТИСТИ НААМЫН СУРАГАНДАН УЯЛЫП КАЛДЫМ
- Дагы деле Эл артисти наамын алуу жүрөгүмдү өйүп жүрөт. Катарымдан, тобумдан бөлүп коюшту. Азыр сахналаш досторумдун баары Эл артисттери. Ажобуз Садыр Жапаровдун колунан бул наамды алсам деген кыялым бар. Бул тууралуу айтып жатып, аягында уялып деле калдым.
СТИЛИМДИ ӨЗГӨРТӨМ
- Буюрса, стилимди өзгөртөм, бул жөнүндө ойлонуп жүрөм. Кандай кылып өзгөртөрүмдү билбейм, азырынча сыр болуп турсун.