Ош облусунда жол бойлоруна кайгуул милициянын унаасынын макети коюлуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана азайтуу максатындагы иш-чаранын алкагында талдоолор жүргүзүлгөн. Анын негизинде жол транспорт кырсыктары көп катталган аймактарга түнкүсүн кызыл жана көк жарык берүүчү чырактар менен жабдылган кызматтык унаанын макеттери орнотулууда.
Учурда бул макеттер Өзгөн жана Кара-Суу райондоруна орнотулуп, жакынкы күндөрү башка райондорго да орнотуу каралып жатканы айтылат.
"Жергиликтүү жашоочулар мындай ыкма жакшы натыйжа берип жаткандыгын айтууда. Мындан улам мектепке жакынкы жолдорго жана калктуу конуштарды кесип өткөн чоң жолдорго коюп берүүнү өтүнүшүүдө", - деп жазылат маалыматта.