Чукул билдирүү! Бишкекте жана Чүйдө бир саат аралыгында катуу шамал болот

Бишкекте жана Чүйдө бир саат аралыганда катуу шамал болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

"Табигый кубулушка кабылган учурда коопсуз жайларда болуп, кырсык катталса же күбөсү болсоңуз 112 кызматына чалууну унутпаңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алат", - деп эскертти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан