Нью-Йорктогу пляждардын биринде 50 жаштагы аялга акула кол салды (видео)

АКШда деңиз жээгиндеги аялга акула кол салды. Бул тууралуу ABC News басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, окуя кечээ, 7-августта Нью-Йорктун Куинс шаарындагы Rockaway пляжында болгон.

"50 жаштагы аял акула кол салгандан кийин ооруканага жаткырылды. Учурда анын абалы өтө оор", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Нью-Йорктун Парктар жана эс алуу департаментинин билдирүүсүндө, аталган пляжда акуланын кол салуусу өтө сейрек кездешет. Бирок жогорудагы окуядан кийин пляж жабылып, жээк зонасын көзөмөлдөө үчүн тик учактар менен текшерүүлөр жүрүп жатканы айтылууда.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан