Жалал-Абадда жарандар 600 миң сомдон ашык сумманы түзгөн баңгизат менен кармалды

Жалал-Абад облусунда үч жаран баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери облус аймагында узак убакыт бою баңгизаттарды сатуу менен алектенген топту аныктаган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ага ылайык, 23-июлда болжол менен саат 20:40 чамасында Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатууга аракет кылган 32 жаштагы Э.А. уулу, 42 жаштагы Т.К. жана Н.И. аттуу жарандар кармалган. Алар белгиленген жерге ВАЗ-2107 жана ВАЗ-2106 унаалары менен келген. Тинтүү учурунда унаалардын ичинен баштыкка салынган афган тектүү "нашаа" (чарс) баңгизаты табылып алынган. Анын салмагы 1 килограмм 29 граммды түзгөн.

Учурда шектүүлөр Аксы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. ИИМден белгилешкендей, алынган баңгизаттын көмүскө базардагы баасы 633 миң сомду түзөт.

Азыркы тапта бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан