ЭЛДИК КАБАР: "Апамдан калган үйдү кошунабыз сатып жиберди" дейт 36 жаштагы жаран

Бүгүн, 11-августта ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну кайрылды. Ал кошунасы апасынан калган үйдү сатып жиберип, үйдүн документтерин көрсөтпөй жатканын айтты.

"Мен Ошто төрөлгөм. Апам 11 жашымда каза болгон. Кошунабыз мени интернатка өткөрүп, үйүбүздү башка кошунабызга сатып жиберген. Ошол кезде ал колума 15 миң сомду карматып, сенден кутулдук деген. Анда ал акчаны билбей эле алып алган окшойм. Эми үйүмдү өзүмө кайтара албай жатам. Сатып алган киши "колуңдан келгенди кыл, үйдү бошотпойбуз. Сот деле акчасы бар жакка чечип коёт" деп жатат. Үйдүн документтерин да көрсөтүшпөйт. Алар документти кантип алышканын билбейм, ошол нерсе мага туман болуп жатат. Негизи үй апама катталыптыр, буга айыл эли күбө. Булар апамдын каза болгонун күтүп эле жүрүшкөн. Ал убакта апам менен мамилелери начар болчу.

Сотко кайрылганга шартым жок. Жалгыз бой энемин, бир балам менен батирде турам. Балам бат-баттан ооруйт, эч жакка чыга албай отурабыз", - дейт тургун кайрылуусунда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан