Милиция Жалал-Абадда эки бала сабалды делген окуяны териштирүүдө (видео) 

Кечээ, 8-августта социалдык тармакта Жалал-Абад шаарында топ балдар эки жигитти сабап кеткени боюнча видео тараган. Бүгүн, 9-августта Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан мушташкандардын өздүгү аныкталгандыгын билдирди.

Маалымдалгандай, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда болгон окуя Жалал-Абад шаардык ИИБнын маалыматтарды каттоо журналында катталып, мушташкан жарандардын аты-жөнү аныкталган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө ооруканага жана ички иштер бөлүмүнө эч кимиси кайрылган эмес, ошондой эле бири-бирине доо-арыз жазгандан баш тартышкан.

Аталган фактынын бардык жагдайларын тактоо боюнча Жалал-Абад ШИИБи тарабынан ыкчам-иликтөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

Мушташ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан