Бүгүн, 9-августта Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы эскертет.
Белгиленгендей, Жайыл Баатыр көчөсү - Садырбаев көчөсү - Абдрахманов көчөсү - Шералиев көчөсү менен чектешкен аймакта саат 10:00дөн кечки 18:00гө чейин суу өчөт.
Аталган тилкеде оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, диаметри 200 мм болгон сууну айландырып өтүүчү туташтыргыч орнотууга жана диаметри 100 мм болгон бурама тээк алмаштырууга байланыштуу муздак суу берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.