Ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурунда Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 8-августунда УКМК тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 208-беренесинин 8-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда үч жолу соттолгон, учурда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №31- мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-жылы туулган Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды. Шектүү акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.
Ага ылайык, кармалган О.у.Н. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.