Ошто кош бойлуу аялдын айына жете элек баласы дааратканага түшүп кетти

Ош облусунда кош бойлуу аялдын айына жете элек баласы дааратканага түшүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Оштогу Амир-Тимур кичи районунун 2002-жылы туулган жашоочусу ажаатканага барган учурда мөөнөтүнөн мурда 7 айлык баласы төрөлүп, даараткананын ичине түшүп кеткен.
Жерине министрликтин Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Алар наристенин сөөгүн алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкени айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан