Бутту дайыма учкаштырып отуруу варикозго алып келет. Варикоз оорусу тууралуу дарыгер менен маек

“Варикоз” грек тилинен которгондо “кеңейүү” деген түшүнүктү берет. Демек, бул – веналык кан тамырлардын кеңейип кетиши. Теория боюнча, варикоз дененин ар кайсы бөлүгүндө пайда боло алат. Мисалы, бетте, кызыл өңгөчтө, жамбашта, түз ичегинин оозунда (геморрой), бутта, ички органдарда, ал тургай жыныстык органдарда да кездешет. Бирок көп учурда ал буттан кармайт. Буттун варикоз оорусу менен калктын 40 пайызы жабыр тартат. Булардын жарымынан көбү аялдар. SUPER.KG порталы варикоздун пайда болуу себептери жана алдын алуу жолдору тууралуу жүрөк кан-тамыр хирургу, ординатор Актан Базаров менен маектешти.

- Алгач оорунун пайда болуу себептери тууралуу айтып өтсөңүз?

- Варикоздун пайда болушу биринчи кезекте адамдын жашоо образы менен байланышта. Ал эми варикоз буттарга күч келгендиктен улам пайда болот. Варикоз менен айрыкча көп баспаган, бир жерде жылбай отуруп же туруп иштегендер жабыркайт. Акыркы кезде бул топтогуларга эки-үч сааттап компьютер тиктеп отурган кеңсе кызматкерлери да кирип калды. Мында кан тамырларга күч келип, венада кан уюп калгандыктан ал акырындап варикозго алып келет. Ошол эле учурда организмге физикалык күч келтирген жумуштарда да варикозго алып келиши ыктымал. Мындан сырткары гормоналдык өзгөрүүнү да атап кетсек болот. Аялдар кош бойлуу кезде да варикоз жаралышы ыктымал. Дагы бир себеп - бул семирүү. Дененин массасынын көбөйүшү дагы бул ооруга алып келе турган бирден-бир себеп. Бутту дайыма учкаштырып отуруу варикозго алып келет. Андыктан бул нерсени да эске алып коюу ашыкча болбойт.

- Варикоздун белгилерине токтолсоңуз. Адамдын организминде кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

- Бул оорунун бир канча белгилери бар. Атап айтсак, буту талып, жумуш кылган соң сөзсүз ооруп чыгат. Кечкисин тизенин жана кызыл ашыктын тегереги шишийт. Ошол эле учурда бутта, көбүнчө тизеде узакка айыкпоочу жаралар пайда болот. Мындан сырткары буттун сезимталдыгы төмөндөп, сайгылашат жана ачышат. Дагы бир негизги белгиси буттун терисинин өңү өзгөрөт жана буттагы кан тамырлар кичинекей жылдызча же торчо сымал болуп көрүнүп калат. Эгерде бул ооруну убагында дарылабаса веноздук жарага айланып, карарып же саргарып кетет. Анда дарылоо абдан узак убакытка созулуп кетет.

- Варикоз эмнеси менен коркунучтуу?

Жарандар арасында бул ооруга олуттуу мамиле жасабагандар арбын. Эгерде убагында дарылоо иштерин жүргүзбөсө анын жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы мүмкүн. Мисалы, ысыкка чыкканда, күнгө кактанганда, семиргенде, мончого барганда түйдөкчө болуп уюп калган кандар (тромб) үзүлөт. Алар кан менен кошулуп мээге жетсе инсультка же жүрөккө жетсе инфаркка чалдыктырышы мүмкүн. Ошондуктан варикоздун башталыш кезинде эле врачка кайрылып, дарылануу кажет.

- Бул ооруда кандай эрежелерди сактоо сунушталат? Алдын алуу жолдору...

- Денеге жабышып турган кийимдерди, муундарды кысып тура турган байпактарды кийбөө жана ошол эле учурда бутту кайчылаштырып олтурбоо керек. Бир орунга узак убакыт олтуруп же туруп иштеген болсоңуз, бир күндө 2-3 саатта бир бутуңузга көнүгүү жасап туруу керек. Мындан сырткары, мончонун буусуна кирбеңиз жана күнгө катуу күйбөө сунушталат. Бул эки көрүнүш ооруну күчөтүшү мүмкүн. Айымдарга болсо бийик такалуу бут кийимдерди көп кийбегенге аракет кылууну айтат элем. Эгер кие турган болсо дагы, анын бийиктиги 4-6 сантиметрден ашпашы керек. Ошол эле учурда бир орунда узакка отуруудан же туруудан качкан туура. Чуркоону, сууда сүзүүнү, жөө сейилдөөнү адатка айлантууну эскертет элем.

- Ооруну дарылоо кандай жүргүзүлөт?

- Биздин жарандардын көпчүлүгү убагында дарыгерлерге кайрылышпайт. Оорунун белгилерин сезип калышса, өз алдынча эле дарылана беришет. Бул такыр туура эмес деп айтат элем. Анткени, убагында дарыгерге кайрылбаганы үчүн оору өтүшүп кетип, өзүнүн ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Оорунун баштапкы белгилеринде консервативдүү дарылоо жолу аркылуу да айыкса болот. Ошол эле дары-дармектердин, дене көнүгүүлөрүнүн жардамы менен эле дартты жеңүү мүмкүн. Варикоз өтүшүп кеткен мезгилде операция жолу пайдаланылат. Мурда салттуу хирургиялык жол менен гана операция жасап, венанын баары алынчу. Азыр жаңы ыкмалар кирди. Лазер аркылуу венанын ичине кирип, ошол жабыркаган тамырды ичинен эле күйгүзүп салышат. Ар кандай ыкмалар бар. Бул атайын аппараттын жардамы менен да жасалат. Илгери операция бир-эки саатка созулса, азыр беш миллиграмм новокаин куюп, 30-40 мүнөттө бүтүп калат. Мурда операциядан кийин бейтап бир жума ооруканада жатса, азыр дароо туруп эле үйүнө кете берет.

- Операциядан кийин кайра эле веналар чыга берген учурларга күбө болгом, бул эмнеден улам болот?

- Туура айтасыз, мындай учурлар да болот. Операция жасалгандан кийин бейтаптардын 15-20 пайызында кайра пайда болушу мүмкүн. Буттун тери катмарында эки вена системасы болот: тери алдындагы чоң жана тери алдындагы кичи веналар. Эгерде чоң вена кеңейип кетсе, ошого гана операция жасалат да, кичи вена кала берет. Кийин тери алдындагы кичи вена кеңейип кайра эле чыгып кетиши мүмкүн. Адам варикозго алып келүүчү көрүнүштөрдөн оолак болуп, өзүн жакшылап карап жүрсө вена чыкпайт.

- Ал үчүн кандай эрежелерди сактоо керек?

- Варикозун алдырган оорулууларга атайын байпактарды, колготкилерди кийип жүрүүсүн сунуштайбыз. Биз жазып берген дары-дармекти убакыт-сааты менен ичип турууга тийиш. Мындан тышкары сууда сүзүү, чуркоо жана күнүгө 1-2 саат жөө басып турууну кеңеш кылабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан