Өлкөдө 1-сентябрдан тарта унааларды каттоо онлайн жүргүзүлөт

Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып унааларды онлайн кайра каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул туурасында бүгүн, 9-августта президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анда айтымында, "Унаа" мекемесинин бөлүмдөрүнө кайрылбастан эле унааны алып-сатуу банк аркылуу жүргүзүлөт. Пилоттук долбоор бир жылга созулары айтылат.

"Белгилүү чектөөлөр жана шарттар бар, бирок аны пилоттук долбоордун алкагында чечкенге аракет кылабыз", - деп жазган Буржуев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан